МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ
МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (1п£огта11оп 8уз1ет) - өз учурунда, так жана пайдалуу маалымат менен камсыз кылуучу элементтер жыйындысы. М. с. компьютердик жана коммуникациялык жабдыктар, программалык камсыздоо, маалымат ресурстарынан турат. Компьютерде М. с. алты элементти (компьютердин аппарат каражаттары, программалык жабдык, так берилиштер, М. с-нын адистери, кабар колдонуучулар жана катталган жол-жоболор) камтыйт. Ар бир элемент М. с-нын ийгиликтүү иштешине салым кошот, ал эми тескерисинче бул элементтердин биринин начарлашы М. с-нын иштен чыгышына алып келет. М. с. пландоо, анализдөө, иштеп чыгуу, аткаруу жана кодго айландыруу деп аталган кадамдардан турат. Анализдөө кадамынын аягында мекеме иштеп чыгуу же жаңы сатып алуу чечиминин алдында турат, башкача айтканда сырткы булактан комплекстик пакет сатып алуу же талапты канааттандырган программалык жабдыкты жаңыдан түзүү керекпи деген суроо туулатынча Эгерде компания программалык жабдыкты иштеп чыгууну чечсе, анда сырткы булакта же ички программалык жабдыкты өркүндөтүү керектигин чечүү керек. Ички программалык жабдыкты өркүндөтүү чечилсе, анда ЗИЬСни иштеп чыгуу кадамында программачыга иштеп чыгуунун деталдуу талаптары коюлат. Бул иштеп чыгуу талаптары программа талаптарынын өзгөчөлүк пакети деп аталып, ал ар бир программа
үчүн киргизүүгө, чыгарууга иштетүүгө жана берилиштерге карата коюлган талаптарды байланыштыруу кызматын аткарат.