МААЛЫМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААЛЫМАТ, информация (латынча т£огтаИоп - түшүндүрүү, кабардар кылуу, бил­дирүү) - оозеки же жазуу жүзүндө, же башка ыкма (шарттуу белгилердин, техникалык каражаттар­дын жардамы менен) менен берилүүчү алгачкы ка­бар; адам менен адамдын, адам менен автоматтын, автомат менен автоматтын ортосундагы маалы­маттарды камтыган жалпы илимий түшүнүк; айба­наттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүндөгү сигнал ал­машуу; клеткадан клеткага, организмден орга­низмге белгилердин берилиши; кибернетиканын нег. түшүнүктөрүнүн бири. 20-к-дын ортосунан баштап «М.» түшүнугү кибернетика, информа­тика, информация теориясынын өнүгүшүнө жана компъютер техникасынын жайылтылышы­на байланыштуу баштапкы жалпы илимий кате­гориялардын бири болуп калды. Ал М. булагы­нын, М. алуучунун жана М. берүүчү чөйрөнүн

(байланыш каналы) болуусун шарттайт. М. алып жүрүүчү болуп саналат. М. алуучу аркы­луу кандайдыр бир мааниге ээ белгилер катары чечмеленүүчү материалдык процесс М. алуу үчүн кабыл алынган сигналды каттоо жетишсиз, анын маанисин чечмелөө керек, ошондуктан бир эле билдирүү ар кандай кабар алуучулар үчүн ар түрдүү М-ты камтышы мумкун. 1940-жылы Н. Ви­нер жана америкалык математик жана инженер К. Шен­нон иштеп чыккан М. теориясында М. сигнал деген түшүнүктү берет. М. - берилмени компью­тердик иштетүүдө кандайдыр бир маанини бил­дирүүчү символдоштурулган белгилердин (там­га, цифра, кодго айландырылган графикалык образдар менен үндөр ж. б.) компьютер тушүнгөн­дөй көрсөтүлгөн ырааттуулугу катары каралат. Мындай удаалаштыйта ар бир символ бил­дирүүнун М-тык көлөмүн чоңойтот. М. ар кан­дай формада: текст, сүрөт, чийме, фотосүрөт, жарык сигналы же үн сигналы түрүндө болот. М. кандайдыр бир М. «булагынан» аны кабыл алгычка, алардын ортосундагы байланыш ка­налы аркылуу билдирүү түрүндө берилет. «Бу­лак» берилүучү билдирүүнү кодго айландырып, сигнал түрүндө жөнөтөт. Натыйжада кабыл алгычта алынуучу сигнал пайда болот жана ал кайра коддолот да, алынуучу билдирүү болуп калат. Мисалы, аба ырайы тууралуу М-ты камты­ган билдирүү «булагынан» (метеоролог-адистен) байланыш каналы - телевизордун берүүчү тузү­лүшү жана телевизор аркылуу кабыл алгычка (те­лекөрүүчүгө) берилет. Адам коомунда М-тын топтолушу улам ылдамдап бара жатат. 20-к-да Мындай маалымат технологиясынын адам тур­мушунун бардык жактарынан орун алышын жана маалыматтык коомдун келип чыгышын шарттады.

Ад.: Бриллюэн Л. Наука и теория информации. М., 1960; Черри К. Человек и информация. М., 1972.

Ж. Асанкожоева.