ЛЯОХЭ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯОХЭ - Кытайдын түндүк-чыгышындагы дарыя. Узундугу 1430 км, алабынын аянты 231 миң км2. Чоң Инган жана Жэхэ тоолорунун ашташкан жери­нен башталып, басымдуу бөлүгү Сунляо түздүгү аркылуу агат да, Сары деңиздин Ляодун булу­ңуна куят. Орт. чыгымы төмөнкү агымында 630 л3/секдан ашык. Негизинен жамгыр суусу­нан куралат; июль-августта кирип, декабрдан майга чейин тонот. Л-нин алабында ташкын көп болот; 1935-жылы болгон алаамат ташкында 17 миң км2 жерди суу каптаган. Суу агымын жөнгө салып туруу максатында Л-нин алабында Дахофан, Эрлуншань суу сактагычтары курул­ган. Чатынан жогору 40 км аралыкка чейин дениз ташкынын таасири этет. Шуанляо ш-на чейин кеме жүрөт. Чатынан ири дениз порту - Инкоу орун алган.