ЛЯОДУН ЖАРЫМ АРАЛЫ
ЛЯОДУН ЖАРЫМ АРАЛЫ Кытайдын түндүк-чыгышында, Сары деңиздин Ляодун менен Батыш Корей булуңдарынын аралыгында. Узундугу 225 км, жазылыгы 80-130 км. Жээктери түз, түштүк-батышы (Гуаньдун ж. а-нда) риас тибинде. Жеринин бетин бийиктиги 1132 мте чейинки дөбө-дөңсөөлүү түздүк жана жапыз тоолор ээлейт. Бадал, айрым жерлеринде токой өсөт. Түздүктөрү жана өрлөрү айдоо (жүгөрү, гаолян). Ири порттору: Далянь (Дальний), Люйшунь (Порт-Артур).