ЛЮПИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮПИН (Ьуршиз), бөрү буурчак­өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумунун уруусу. Бир жана көп жылдык чөп, чала бадал, чанда бадал. Жалбырагы демейде манжа сымал. Гүлү түркүн түстө. Л-дин 1.00гө жакын (башка маа­лымат боюнча 200дөй) түрү эки жарым шардын мээлүүн алкагында, негизинен Түштүк жана Түндүк Америкада, Жер ортолук деңиз жээгинде, КМШ өлкөлөрүндө (5 турү) кездешет. Ошондой эле тоюттук сары Л. эгилет. Анын жашыл массасы - малга сиңимдүү тоют. Вир га жердеги Л-ден 300-400 ц жашыл масса, 15 цдей дан алынат. Көп жыл­дык Л-дин бийиктиги 1,5 ждей. Сабагы тик, гүлү ар кандай, суукка байымдуу. Ал көк жер се­мирткич катары пайдаланылат. Л-дин айрым түрлөрү кооздук үчүн да өстүрүлөт.