ЛЮКСЕМБУРГ Роза

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮКСЕМБУРГ Роза (5. 3. 1871, Полыпа, Замо­стье - 15. 1. 1919, Верлин) - эл аралык жумуш­чу кыймылынын ишмери, Польша, Германия социал-демокр. партиясындагы радикалдуу сол­чул

агымдын, Экинчи Ин­тернационалдын жетекчи­леринин жана теоретиктери­нин бири. Л. - «Спартак со­юзун» негиздөөчүлөрдөн. Германия коммунисттик партиясын (ГКП) негиздөөгө катышкан. Еврей үй-бү­лөсүнөн. Гимназияда окуп жүргөндө эле «Пролетариат» партиясына ыктап, революция­лык жашыруун иштерге катышкан. 1889-жылы Швейцарияга эмиграцияга кетип, 1897-жылы Цюрих университетин бүткөн. 1898-жылы Германияга келип, Германия социал-демокр. партиясына өткөн. Россиядагы 1905-07-жыл­дардагы революциянын тажрыйбасына таянып, Гер­мания жумушчу табынын милдеттерин анык­таган, күрөштүн жаны формасы - массалык са­ясий иш таштоону пропагандалаган. Биринчи дуйнөлук согушта (1914-18) социал-демократ­тардын жетекчилеринин шовинисттик саясатын сындаган. Л. 1919-жылы январда Берлин жумуш­чуларынын көтөрүлүшү басылгандан кийин К. Либкнехт менен бирге германиялык контр­революциянын курманы болгон.

Ад.: Драбкин Я. С. Четверо стойких: К. Либкнехт, Р. Люксембург, Ф. Меринг, К. Цеткин. М., 1985.