ЛЮБЛЯНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮБЛЯНА - Словения Респ-нын борбору. Сло­вениянын борбордук бөлүгүндөгү Любляна ойдуңун-

Шаардын жалпы көрүнүшү.

да жайгашкан. Крайна тарыхый обл-нун администрациялык борбору. Калкы 257,7 миң (2010; калкынын көпчүлүк бөлүгү орус тилин жакшы билишет). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Сла­вяндардын тургун жайы катары 1144-жылдан белгилүү. 13-к-дын 2-жарымынан шаар. 1335- 1918-жылы (1809-13-ж. мезгил-мезгили менен Илли­рий провинциясынын администрациялык борбору) габсбургдар­дын бийлиги астында болгон. 1918-жылы Сербдер­дин, хорваттардын жана словендердин королду­гу (1929-92-ж. Югославия) түзүлгөндөн Л. - Сло­вениянын, 1992-жылдан көз каранды эмес Сло­вения Респ-нын борбору. Машина куруу, химиялык, фармацевтика, текстиль, тамак-аш, булгаары­бут кийим, жыгаччылык, кагаз, полиграфиялык ө. ж. ишканалары иштейт. Град сепили (9-19-к.), епископтордун барокко стилиндеги ак сарайы (16-18-к.), Ыйык Якоб (17-к.), урсулинкалар­дын Ыйык Троица (18-к.) чиркөөлөрү, Ыйык Николай собору (18-19-к.), ратуша (18-к.), Ан­тика Эмон ш-нын калдыктары (5-к.), 16-19- к-дагы архитектуралык эстеликтер сакталган. Арх. И. Плечниктин улуттук колориттеги курулуш­тары, Революция аянтында ансамбль (1963-75), Сло­вениянын Илимдер жана искусство академиясы, университет (1595), улуттук этногр. музей, улуттук га­лерея ж. б. бар. Эл аралык ярмаркалар, фести­валдар өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.