ЛЮБЛИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮБЛИН - Полыпанын чыгышындагы шаар. Быстшица д-нын боюнда жайгашкан. Люблин воеводдугунун (администрациялык-аймактык бирдик) администрациялык борбору. Калкы 349,3 миң (2010). Жолдор тоому. Өлкөнүн чыгышындагы экономикалык жана маданий борбор. Ма­шина куруу (анын ичинде автомобиль), тамак-аш-таты­мал, булгаары-бут кийим, тигүү ө. ж. ишкана­лары иштейт. 10-к-дан белгилүү. Университет, музей бар. Архитектуралык эстеликтери шаардын эски бөлүгүндө жайгашкан. Сепил (учурда музей; 13- 19-к.), ратуша (14-18-к.), готика, ренессанс, барокко стилиндеги турак жайлар менен костёл­дор (14-18-к.) сакталган. Л-ге жакын Майда­нек мамлекеттик музейи (1941-44-ж. фашисттик конц­лагер болгон; 1,5 млнго жакын адам жок кы­лынган) жайгашкан.