ЛЮБИЩЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮБИЩЕВ Александр Александрович (5(17). 4. 1890, Санкт-Петербург - 31.8.1972, Тольят­ти) - орус биологу, илим тарыхчысы, философ. Санкт-Петербург университетин бүтүргөн (1911). Таврия (Крым, 1918-21) жанаПермь (1921-27) университеттерин­де иштеген. Саратов а. ч. институтунда (1927-36) жана Ульяновск педагогикалык институтунда (1950-55), Украи­нанын (1937-41) жана Кыргыз ССРинин (1941- 50) ИИИлеринде иштеген. Нег. илимий иштери био­логияда математикалык ыкмаларды колдонуу, а. ч. энтомологиясы жана өсүмдүк коргоо, системати­ка теориясы, эволюциялык окуу, атеизм жана филосо­фия боюнча. Жалпы биол., тарыхый жана философиялык иштери сындоо маанисинде болгондуктан, көзү тирүүсүндө жарыяланган эмес. Номогенезди жак­тоочулардын бири.

Эмг.: К методике количественного учета и райо­нирование насекомых. Ф., 1958; Дисперсионный ана­лиз в биологии. М., 1986; Филосфия и наука (Люби­щевские чтения). Ульяновск. 1997.

Ад.: Гранин Д. А. Это странная жизнь: повесть. М., 1974; Егорое Анын Ичинде Диалектический идеалист А. Любищев//Научные среды. 2005. № 3-4.