ЛЬЮИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЬЮИС Артур (23. 1. 1915, Батыш Британия Сент-Люсия а., Кастри, - 15. 6. 1991, Барбадос, Бриджтаун) - англ. экономист, Нобель сыйл. лауреаты (1979). 1937-жылы Лондон экономика мектебин аяктаган. Лондон университетинде мугалим, илимдин доктору (1940). 1948-жылы Манчестер ун­тинин проф. 1950-70-жылдары БУУнун өнүгүп жаткан өлкөлөр боюнча адиси, Гана өкмөтүнүн ке­ңешчиси жана Юниверсити коллежинин ректору болуп эмгектенген. 1963-83-ж. Пристон университетинин проф. 1970-жылы Барбадосто Кариб өнүгүү банкын негиздеген. Л-тин эмгектери экономикалык анализдин жал­пы проблемаларына, үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасына, экономикалык өсүүгө арналган. «Дуалдык экономика» концепциясынын автору.