ЛУПАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУПАН Андрей Павлович [2(15). 2. 1912, азыр­кы Резин району, Мигулен кыш. - 24. 8. 1992, ошол эле жер] - молдаван жазуучусу, коомдук ишмер. Молдаван ССР ИАнын академиги (1961). Чыгармалары 1932-жылдан жарыялана башта­ган. Алгачкы «Ырлар» жыйнагы 1947-жылы жа­рык көргөн. Жыйнакка анын согуш жылдарын­дагы (1941-45) ырлары кирген. Л. - «Балдарга киришме» (1954), «Чебер уста» (1958), «Тууган жер» (1959), «Меймандостук жосун» (1966) ж. б. китептердин, адабий-сын макалалардын ав­тору. «Менин жүгүм» аттуу ыр китеби үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын алган (1975). А. С. Пушкин, Н. А. Некрасов, Т. Шевченко, М. Горький, В. Маяковский ж. б. акын-жазуучулардын чы­гармаларын молдаван тилине которгон. Ленин ордени менен сыйланган.