ЛУПА
ЛУПА - өтө майда нерселерди 2-50 эсе чоңойтуп көрсөтүүчү томпок айнек. Ал жарык нурун чогултуучу фокус аралыгы кыска, тунук линзадан же линзалар системасынан турат. Каралуучу нерсе линзанын фокус аралыгынан алыс эмес жерде жайгаштырылат. Бул учурда биз нерсенин чоңойтулган жана жалган сүрөттөлүшүн көрөбүз. Л. чоңойтуусу Г фокус аралыгы / менен төмөнкүчө байланышкан: Г = 250//, мында П =250 мм жакшы көрүү аралыгы деп аталат.