ЛУПА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУПА - өтө майда нерселерди 2-50 эсе чоңой­туп көрсөтүүчү томпок айнек. Ал жарык нурун чогултуучу фокус аралыгы кыска, тунук линза­дан же линзалар системасынан турат. Каралуу­чу нерсе линзанын фокус аралыгынан алыс эмес жерде жайгаштырылат. Бул учурда биз нерсенин чоңойтулган жана жалган сүрөттөлүшүн көрөбүз. Л. чоңойтуусу Г фокус аралыгы / менен төмөнкүчө байланышкан: Г = 250//, мында П =250 мм жакшы көрүү аралыгы деп аталат.