ЛУИ ФИЛИПП I

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУЙ ФИЛЙПП I (6. 10. 1773, Париж - 26. 8. 1850, Улуу Британия, Клэрмон) - Франция ко­ролу (1830-48). Бурбондор династиясынын Ор­леан тукумунан. 18-к-да Улуу Француз революциясы­нын учурунда атасы герцог Филипп Орлеанский Шартр герцог титулунан баш тартып, Эгалите фамилиясын алган. 1792-жылы австриялыктарга каршы француз революциячыл аскер күчү менен Валь­ми жана Жемапе кыш-нын алдындагы салгыла­шууга катышып, 1793-жылы кайра Австрия тарап­ка өткөн. Ал Швейцария, АКШ, Сицилия ж. б. мамлекеттерде эмиграцияда жүрүп, 1814-жылы Францияга кайтып келген. 1830-жылы Июль революция­сынын жеңиши менен «француз королу» деп жа­рыяланган. 1848-жылы Франциядагы революциядаЛ. Ф. Улуу Британияга качып, ошол жерден өлгөн.