ЛУДХИАНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУДХИАНА — Индиядагы шаар. Сатлеж д-нын боюнда жайгашкан. Пенжаб штатынын соода жана ө. ж. борбору. Калкы 1,7 миллион (2010). Жол­дор тоому. Текстиль, металл иштетүү, машина куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (кездеме токуу) өнүккөн. А. ч. университети бар.