ЛУГОВОЙ БАТКАК КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУГОВОЙ БАТКАК КЕНИ - Чүй өрөөнүндө дарылык касиети бар баткак жаткан жер. Аламүдүн р-нунда, Луговой кыш-нын түндүк-чы­гышында. 1964-жылы табылган. Кен Чүй д-нын жайылмасындагы 2-тектирчеде жайгашып, байыркы көл чөкмөлөрүнөн пайда болгон илээш­кек-чым көңдүү баткактан турат. Баткак кат­марынын түзүлүшү өтө татаал: үстүнкү кырты­шы (20 см) кара күрөң түстөгү чириндиге айлан­ган чым көң (0,55-1,3 м); күрөң түстөгү жука чым көң тилкелери бар ийилгич, илээшкек тун­ма (0,3-1,5 м); арасында 20 смге чейинки илээш­кек тунма баткак кездешкен кара күрөң чым көң (1,5 м); чым көң түрүндөгү илээшкек тунма баткак (0,4-1 м). Орт. калыңдыгы 2,9 м. Бат­как өтө нымдуу (82%), өсүмдүктөрдүн чиринди­ге айланышы 96%. Күкүрттүү суутек 0,037- 0,16%. Баткактын суюк ылайы гидрокарбонат­кальцийлүү, минералдануусу 1,9-3,8 г/л. Запа­сы 611,1 миң т.