ЛУГАНСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУГАНСК (1935-58 жана 1970-90-ж. В о р о ш и­л о в г р а д) -Украинадагы шаар. Луганск обл­нун администрациялык борбору. Лугань жана Ольха д-нын ко­шулган жеринде жайгашкан. Калкы 434,8 миң (2010). Т. ж. тоому. Донбасстын машина куруу

ө. ж-нын ири борбору (заводдору: «Луганский теплостроительный завод», «Динамо», «Углепри­бор», щелочтуу аккумулятор ж. б. ). Куур чы­гаруучу завод, жеңил (нооту комбинаты, трико­таж, бут кийим, тигүү), жыгач иштетүүчү, химиялык, фармацевтика, тамак-аш-татымал, курулуш ма­териалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Төрт ЖОЖ, 3 театр, музейлер (анын ичинде край таануу, сүрөтчү В. И. Далдын) бар. Шаар 1795-жылы негиз­делген.