ЛОТАРИНГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОТАРИНГИЯ - Франциянын түндүк-чыгышын­да Мозель д-нын алабындагы тарыхый аймак. Л. аймагында Мозель, Мётр жана Мозель, Мёз, Вогезы департаменттери жайгашкан. Байыркы заманда Л-да кельттер жашап, биздин заманга чейинки 1-к-дын орто ченинде аны римдиктер каратып, 5-к-дын аягында Франк королдугуна караган. Франк мамлекети кулап, император Лотар 1нин жер бөлүүсүнөн кийин Л. королдугу түзүлүп, 855- 900-ж. Рейндин ортонку жана төмөнкү агымын­да жайгашкан. Л. анын биринчи королу (855- 69) Лотар Пнин ысмынан аталган. 925-ж. герцог­дук катары Герман королдугуна кирип, 959-ж. Л. Төмөнкү жана Жогорку герцогдуктарга бөлүн­гөн. 11-12-к-да Төмөнкү герцогдук Лувен (12- к-дын аягынан Брабант), Намюр, Лимбург ж. б. графтыктарга бөлүнүп, ал аймактар кийин Бель­гия менен Нидерланддын курамында калган. Жо­горкусу 12-к-дан баштап Л. герцогдугу деп атал­ган. 9-к-дын аягында феодалдык мамилелер ка­лыптанып, 10-12-к-да феодалдык бытыранды­лык башталган. Географиялык ыңгайлуу шартка бай­ланыштуу Л. немис жана француз королдорунун талашына туш болуп, формалдуу түрдө Ыйык Рим империясына баш ийсе да, 13-к-дан баш­тап Франциянын саясий-экономикалык, маданий тааси­ри күчөгөн. 15-к-дын аягы же Франция менен Бур­гундиянын ортосундагы Л. ж. б. жерлер үчүн болгон Бургунд согуштарынан (1474-77) кийин Франциянын Л-дагы таасири кыйла күчөп, гер­цогдор Рене Пнин (1473-1508) жана Антуандын (1508-44) тушунда Мозель, Маас аймактары ка­раган. 16-к-дын 2-жарымында Л-ны Франция­га кошуу процесси башталып, Вестфалия тын­чтыгы (1648) боюнча Мец, Туль, Верден Франция­нын карамагына өткөн. 1697-жылы Л. герцогдугу калыбына келтирилип, «Ыйык Рим империя­сынын» бир бөлүгү болуп калган. Вена тынч­тыгына (1738) ылайык Л. француз Станислав Легцинскийге түбөлүк берилип, ал өлгөн соң (1766) провинция катары Франциянын карама­гынакирген. 1790-жылы Л. Франциянын департа­менти болуп, 1871-жылы Эльзас менен бирге Чыгыш

Л. Германияга кошулуп (к. Франкфурт тынч­тыгы), Эльзас-Лотарингия империясы түзүл­гөн. Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча Л. Францияга кайтарылып, 1940-жылы фашисттик Германия басып алып, 1944-жылы кайра Францияга берилген.