ЛОРЕНЦ СЫЗЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОРЕНЦ СЫЗЫГЫ - рынок экономикасында­гы кирешенин бөлүнүшүнүн тең салмактуу эмес­тигин көрсөткөн сызык; өлкөнүн жалпы акча кирешесин төмөнкү жана жогорку кирешелүү үй­бүлөлөргө бөлүнүшүн мүнөздөгөн сызык. Эгер кирешелер тең салмактуу бөлүнсө, анда сызык түзөлүп, абсолюттук тең салмактуулук сызыгына өтмөк. Ар бир ишкердин мүмкүнчүлүгү түрдүү болгон­дуктан, түрдүү кирешеге ээ. Л. с. калктын түрдүү топторунун акча кирешелеринин чоңдугун мү­нөздөп, элдин жетиштүүлүгүн, сатып алуу мүм­күнчүлүгүн же талабын божомолдой алат. Би­рок Л. с. номиналдык акча кирешелерин гана карагандыктан, практика жүзүндө дээрлик бүт өлкөлөрдө прогрессивдүү салык/системасы бол­гондуктан (киреше жогору болсо, салык да чоң болот), абсолюттук тең салмактуулук сызыгына жакын­дайт.