ЛОНГФЕЛЛО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОНГФЕЛЛО Генри Уодсуорт (27. 2. 1807, Мэн штаты, Портленд - 24. 3. 1882, Массачусетс штаты, Кембриж) - америкалык акын, жазуучу. Боу­дойн коллежин бүтүрүп, Европадан (1826-29) окуусун аяктаган. Алгачкы ырлары 1820-жылы чыккан. Ыр,

роман, поэма, новелла жана публицистикасында ро­мантик катары согушка, кулчулукка, улуттук кас­тык менен эзүүгө каршы чы­гып, буржуазиялык прак­тицизмге жаратылышты жана өткөн замандын пат­риархалдык-пуритандык адеп-ахлагын каршы кой­гон. Индей жомокторун негиз кылып, финн эпо­су «Калеваланын» үлгүсүндө индейлердин эл­дик баатыры жөнүндө «Гайават жөнүндө ыр» (1855) аттуу эпосту жазып, дүйнөгө атагы чыккан. «Жерлер жөнүндө ырлар» (1876-79) аттуу 31 томдон турган жыйнагын чыгарган. Анын «Кул­чулук жөнүндө ырлары» Россиянын демокр. чөйрөлөрүндө, айрыкча 19-к-дын 60-жылдарын­дагы белгилүү чыгармалардан болгон.

Ад.: Ронгонен Л. И. Г. У. Лонгфелло и его поэма «Песнь о Гайавате». М., 1982.