ЛОМБАРД
ЛОМБАРД - кыймылдуу мүлктү күрөөгө алып, кыска мөөнөткө жарандарга карыз акча берген жана буюмдарды сактаган атайын кредиттик уюм. Л-дар түрүнө карата күрөөгө баалуу металлдарды, турмуш-тиричилик буюмдарын, автотранспортту ж. б. алат. Күрөөгө коюлган буюмдарды баалоо эки жактын макулдашуусу менен болот. Мүлк ээсине (зайым алганга) келишим түзүүдө керектелүүчү акча каражаты жана тийиштүү күрөө билети ыйгарылат. Эгер Л-дан алынган ссуда убагында төлөнбөсө, күрөөгө коюлган буюм Л-дын ээлигине өтөт. Л. алгач
15-к-да Францияда ломбардиялык (Италия) сүткорлор тарабынан түзүлгөн, ал эми муниципиалдык Л. 16-к-да Нюрнбергде пайда болгон. Л-да кредитке берилген суммага процент эсептелинет. Сактоого берилген (зайым албай) буюмдар үчүн процент алынбайт, тийиштүү кызмат акы гана төлөнөт. Л-дын бул түрү Европа өлкөлөрүндө кеңири тараган. Кыргызстанда Л-дардын кызматын көпчүлүк кардарлар пайдаланат.