ЛОКК
ЛОКК Жон (29. 8. 1632, Рингтон ш. - 28. 10. 1704, Отс) - англ. философ жана саясий ойчул, агартуучу, педагог. Оксфорд университетин бүтүргөн (1656). Лондон королдук коомунун мүчөсү (1668). 1667-жылдан Реставрация режиминде оппозиция лидерлеринин бири болгон. 1688-89-ж. Англиядагы революциядан соң, социалдык-саясий түзүлүштү негиздеген. Мамлекеттин болбой койбостугун Л. табигый укук жана «коомдук келишим» теориясынын өңүтүндө сүрөттөгөн. Гоббстун мамлекеттин абсолюттук теориясынан айырмаланып, Л-тун пикири боюнча өкмөткө табигый укуктун

айрым гана бөлүктөрү катары сөз эркиндиги, динге ишеним жана менчикти өзгөчө натыйжалуу коргоо максатында берилет. Мамлекеттеги мыйзам чыгаруучу бийлик аткаруучу бийликтен ажырашы зарыл, бийлик мыйзамга баш ийиши керек. Калк эркин, эрктүү болуп калат жана өкмөттү колдобой коюуга укугу, жоопкерчиликсиз өкмөттү кулатууга акысы бар. Ал «Адамзаттын акыл-эси жөнүндө тажрыйба» (1690) деген эмгегинде билим жана идея тажрыйбадан келип чыгары жөнүндөгү сенсуализм окуусун негиздеген. Адамдын көз-караштарын, жүрүм-турумун калыптандырууда тарбия чечүүчү мааниге ээ деп тыянак чыгарган. Тарбияны мектептен эмес, үй-бүлө педагогунан алышы зарыл, ал эми мектеп түрдүү чөйрөдөн келген балдардын чогулган жайы деп айткан. Бул маселелер «Тарбиялоо жөнүндө ойлор» (1965), «Адамзатты акыл-эси менен башкаруу жөнүндө» (1706) деген трактатында өз алдынча билим алууну жогорулатып, ой бөлүшүү ыкмаларын иштеп чыккан. Л. ойлору 18-19- к-да педагогикалык-психол. ойлордун өнүгүшүнө олуттуу таасир эткен.