ЛОКАЯТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОКАЯТА — байыркы Индия философиясын­дагы материализмге тартуучу окуу. Негиздөөчүсү болуп жарым-жартылай легендага айланган акылман Брихаспати эсептелет. Л-нын болму­шу жөнүндө окуунун негизинде ааламдын бардык предметтери 4 элементтен: топурактан, оттон, суудан жана абадан (айрым тексттерде аларга бе­шинчи элемент - эфир кошулат) турары жөнүндө көз караш. Элементтер түбөлүктүү болот жана өзгөрбөс болуп эсептелет. Предметтердин бардык касиеттери алар ар кандай элементтердин ай­калышы болуп эсептелгенине жана ушул элемент­тер айкалышуучу катышка жараша болот. Аң­сезим, акыл-ой жана сезүү органдары да элемент­тердин айкалышынын натыйжасында пайда болгон.