ЛОГИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОГИКА (грекче 1о£О8 - сөз, ой, акыл) - ой жүгүр­түүнүн формалары жана мыйзамдары жөнүндөгү илим. Ал үч бөлүктөн турат: диалектикалык Л., математикалык Л. жана формалдуу Л. Диалектикалык Л. - объективдүү дүйнөнүн өнүгүшү менен өзгө­рүшүнүн ойдо чагылдырылышынын мыйзам­дары жана формалары жөнүндөгү, чындыкты таанып­билүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу илим. Анын негиздөөчүсү Аристотель болгон. Элементтери Гераклит, Платон ж. б. ойчулдар­дын эмгектеринде, ал эми таанып-билүүнүн, ой жүгүртүүнүн жалпы принциптери жана методдору катары Ф. Бекон, Декарт, Лейбниц ж. б. окуу­ларында кездешет. Диалектикалык Л-ны өнүктүрүүгө Кант жана Гегель белгилүү салым кошушкан. Математикалык Л. - математикалык ыкмаларды колдонуу, ошондой эле математикалык талдоолорду жана да­лилдөөлөрдү Л-лык изилдөө жөнүндөгү билимдер­дин жыйындысы. Формалдуу Л. - ойдун форма­ларынын (ойдо талдоо, ой жыйынтыктоо, түшүнүү, далилдөө ж. б.) Л-лык түзүлүшүн үйрөтүүчү илим. Формалдуу Л-нын негизги мак­саты корутунду билимге ээ болуу процессинде сакталуучу мыйзамдарды жана принциптерди иштеп чыгуу болуп саналат.