ЛОББИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОББИ (англ. lobby - кулуарлар, жыйын залы­нын жанындагы өзүнчө бөлмө) - мамлекеттик орган­дардын (мыйзам, аткаруу, сот бийлигинин) эко­номиканын, региондордун, ишканалардын, со­циалдык топтордун айрым бөлүктөрүнө объек­тивдүү муктаждык эмес, тийиштүү кызыкчы­лыктар аркылуу жардам иретиндеги иш-чара­лары. Лоббистер бийликтин өкүлдөрү катары өзүнүн карамагындагыларга киреше алып кел­ген өзгөчө мамлекеттик заказдарды, лицензияларды, кредиттерди ж. б. ыңгайлуу экономикалык шарттарды тартуулайт. Л. агрардык, өндүрүштүк, аскердик жана финансылык болуп бөлүнөт.