ЛЛОЙД ЖОРЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЛОЙД ЖОРЖ Дэвид (17. 1. 1863, Манчестер - 26. 3. 1945, Уэльс, Карнарвоншир, Лланистим­дуиге жакын Тай-Неуит) - Британиянын мамлекеттик жана саясий ишмери; Либерал­дык партиянын лидерлери­нин бири. Мугалимдин үй­бүлөсүндө туулуп, юридикалык кызматтарда иштеген. 1888-жылы Уэльстеги Карнар­воншир графтыгынын муни­ципалдык кеңешине олдер­мен болуп шайланган. 1890- 1945-жылы британ парламентинин Общиналар па­латасына депутат

(Либералдык партиядан). 1905-08-ж. Г. Кэмпбелл-Баннермандын либерал­дык кабинетинде соода министри, 1908-15-ж. Г. Г. Асквиттин өкмөтүндө финансы министри. Консерваторлордун колдоосуна таянып, 1916-жылы декабрда Асквиттин либералдык өкмөтүн кулат­кан. 1919-22-ж. коалициялык өкмөттүн пре­мьер-министри болгон. 1919-20-ж. Париж тынч­тык конференциясында көрүнүктүү роль ойноп, Версалъ тынчтык келишимин (1919) түзүү де­милгесин көтөргөн. 1919-20-ж. Түркиядагы улут­тук-боштондук кыймылга каршы согушту жак­таган. Гитлердин улутчул саясатын колдоп, СССРге каршы күрөш жүргүзүүгө умтулган. Фа­шисттик бийликтин саясатына туура түшүн­гөндөн кийин, Англияны СССР менен достук ма­миле түзүүгө чакырган. 1945-жылы граф титулун алган.