ЛИЧИНКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИЧИНКА - көпчүлүк омурткасыз жана айрым омурткалуу жаныбарлардын (балык, жерде-суу­да жашоочулар) жеке өөрчүү стадиясы. Алар­дын жумурткасында морфогенездин аягына че­йин жетүүгө азык заттар жетишсиз болот. Л. өз алдынча тиричилик өткөрүп, активдүү азыкта­нат, мезгили менен өсүп, өөрчүшүнө тоскоол болуу­чу катуу кутикула кабынан бошонуп (түлөп) турат. Л-да жетилген организмде болбогон ата­йын органдары болот. Көпчүлүк жаныбарларда Л. стадиясы жана жетилген организми ар кан­дай шартта жашайт. Жерде-сууда жашоочулар-. дын Л-сы - көнөк баш - сууда, чоңдору кургак­тыкта жашоого ыңгайланган. Деңизде өтө жай жылуучу же жылбай жашоочу жаныбарлардын (былпылдак, ичеги көңдөйлүүлөр, ийне терүү­чүлөр ж. б.) Л-сы эркин сүзүп жүрөт, ошондой эле алар­дын башка жерге таралышын да камсыз кы­латынча Л-нын жетилген жаныбарга айланышы метоморфоз жолу менен жүрөт. Метоморфоз учу­рунда айрым омурткасыздардын (ийне те­рилүүлөр, курт-кумурскалар) Л-сы олуттуу өзгө­рүүгө дуушар болот. Мисалы, айрым курт-кумурс­каларда Л-дан кийинки куурчакча стадиясын­да Л-лык органдар бүт жоюлуп, жетилген орга­низмдин органдары калыптанат. Активдүү Л. - стадиясынын узактыгы, мисалы, чымын жана көпө­лөктөрдүкү 1 айга, ал эми май коңуздарыныкы 3-4 жылга созулат.