ЛИЦЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИЦЕЙ (грекче Букеюп) - билим берүүчү мекеме, окуу жай. Батыш Европа, Латын Америка жана Африкада кадыресе жалпы билим берүүчү меке­ме Л. деп аталган. Л-де окуу мөөнөтү ар бир өлкөдө ар кандай бекитилген. 1917-жылы чейин Рос­сияда айрыкча дворяндардын балдары үчүн ачылган билим берүүчү мекеме катары белгилүү болгон. Учурда КМШ өлкөлөрүндө жалпы би­лим берүүчү мектептердин көпчүлүгү кошумча же кесиптик билим берүү программаларын кир­гизүү аркылуу Л. аталган. Мындан тышкары мурдагы кесиптик-техникалык окуу жайлар да азыр Л. деп аталат. Кыргызстанда биринчи Л. 1990-жылы Кара­кол ш-нда Т. Сатылганов атындагы жана Ош шаарында У. Салиева атындагы жалпы билим берүүчү мектеп­тердин базасында ачылган. Учурда ар бир об­ласть, ш-нда Л. бар.