ЛИХТЕНШТЕЙН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИХТЕНШТЕЙН, Л ихте нштейн княз­д ы г ы - Ворб. Европадагы мамлекет. Альп тоолорунда, Швейцария менен Австриянын чек арасында жайгашкан (чек арасынын жалпы узундугу 76 км). Рейн д-н жээктей түндүктөн түштүктү карай 28 длгге созулат; Жазылыгы батыштан чыгышты карай 10 клгге чейин. Дүйнөдөгү эң чакан мамлекеттердин бири. Аянты 160 кмг. Калкы 35 миң (2010). Борбору - Вадуц. Расмий тили - немис тили. Акча бирдиги - швей­цария франкы. Л. эки тарыхый облустан ту­рат: Оберланд (Жогорку Л., борбору - Вадуц)

жана Унтерланд (Төмөнкү Л., борбору - Шеллен­берг). Администрациялык-аймактык жактан 11 коммунага бөлүнөт: Бальцерс, Эшен, Гамприн, Маурен, Планкен, Руггелль, Шан, Шелленберг, Тризен, Тризенберг, Вадуц.

Л. - БУУнун (1990), Европа советинин (1978), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюму­нун (1975), Европа эркин соода ассоциациясы­нын (1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

Л. - унитардык мам­лекет. Конституциясы 1921-жылы кабыл алынган. 2003-жылы 16-мартта жаңы редакциясы иштелип чыгып, княздын бийлиги чындалган. Башка­руу формасы - конституциялык монархия. Мам­лекет башчысы - башкаруучу князь. Ландтаг­дын (парламент) чечимдери княздын макулду­гусуз кабыл алынбайт. Мыйзам чыгаруу бий­лигинин жогорку органы - бир палаталуу ланд­таг. 4 жылга шайланып, 25 депутаттан турат. Мыйзамдарды иштеп чыгат жана кабыл алат, бюджетти бекитет. Аткаруу бийлигинин жогор­ку органы - өкмөт. Л-де көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партия­лары: Мекен уюму, Прогрессивдүү жарандык партия, Эркин тизме ж. б.

Табияты.

Л-дин аймагынын басымдуу бөлүгүн Альп тоолору ээлейт. Эң бийик жери 2599 м (Граушпиц чокусу - өлкөнүн эң бийик жери). Тоолору 3 ири өрөөн менен бөлүнгөн. Эң батыш четин Рейн д-нын жогорку агымынын өрөөнү ээлейт. Фён шамалынын таасиринен жумшар­ган мелүүн климат мүнөздүү. Рейн өрөөнүндө январдын орт. температурасы 0°С, июлдуку 18°С, тоолордо январдыкы -10°Стан -6°Ска чейин, июлдуку 12-14°С. Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү - Рейн өрөөнүндө 700-800 мм, тоолордо 1200-1900 мм. Рейн өрөөнүн суу каптап кетпеш үчүн Рейн д-нын нугу айрым жерлеринде дам-

ЛИХТЕНШТЕЙН

балар менен тосулган. Өрөөн дээрлик бүт курга­тылып, дыйканчылык өздөштүрүлгөн. Ал эми табигый абалында калган саз жана шалбаа өсүмдүктүү жерлери коргоого алынган. Тоолор­до 800-1800 м бийиктиктерди токой каптайт: төмөнкү алкагын - жазы жалбырактуу токой (эмен, бук ж. б.), жогорку алкагын - ийне жал­бырактуу токой (негизинен карагай) түзөт. Жал­пысынан токой өлкөнүн аймагынын 35% аян­тын ээлейт. Андан жогору субальп жана альп шалбаасы таралган. Өлкө биол. ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Коргоого алынган 10 табигый аймак бар. Рейн өрөөнүндөгү Руггеллер-Рит резерваты - эл аралык маанидеги суу-саздуу аймак.

Калкы.

Өлкөнүн калкынын 67% и жергиликтүү лих­тенштейиндиктер (2008); ошондой эле германиялык­тар, австриялыктар, немистер, италяндар, мур­дагы Югославия өлкөлөрүнөн келгендер, түрк­төр жашайт. Л-де туруктуу жашаган калк­тын 4,8% и - башка өлкөлөрдүн жарандары. 20-к-дын 2-жарымы - 21-к-дын башталышында Л-дин калкы 3 эсеге өскөн. Иммигранттардын негизги агымы Австрия менен Швейцариядан, ошондой эле Италия, Испания, Түркиядан келген. Төрөлүү 1000 адамга 9,86 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 7,42 адам. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 80,1 жаш (аялдардыкы 83,5 жаш, Ев­ропадагы эн. жогорку көрсөткүч; эркектердики 76,6 жаш). Калкынын орт. тыгыздыгы: 1 км2 

жерге 219 адам. Калктын көбү түндүк жана батыш бөлүктөрүндө тоо этектей жана Рейн д-н бойлой отурукташкан. Шаар калкы 69,4% тей (2010). Эң ири шаарлары: Шан, Вадуц, Тризен, Баль­церс, Эшен. Экономикасында 31 миңге жакын адам эмгектенет; анын 14 миңи Австрия, Швей-

Вадуц шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири.

цариядан, ошондой эле Германия жана Италиядан күн сайын барып-келип иштейт. Жумушсуздар 1,5%ти гана түзөт. Калкынын 88%ке жакыны христиандар (анын ичинде 78,4% и католиктер, 8,3% и протестанттар, 1,1% и православныйлар), 4,8% и мусулман-сүннөттөр.

Тарыхы.

Азыркы Л. аймагын адамдар биздин заманга чейинки 5-миң жылдыктан мекендеген. Бул жерге рето­романдыктардын ата-бабалары - рет уруулары отурукташып, римдиктер убагында Реция про­винциясына (биздин заманга чейинки 15-жылдан) кирип, 5-к-да Л. аймагына алеманндар отурукташкан, 8-к-да Франк мамлекетине, 10-12-к-да Брегенц, Мон­фор тукумундагы графтардын бийлигинде бол­гон. 1699-1712-жылы бул аймактарды Лихтенш­тейн тукумунун австриялык князы каратып, 1719-жылы Ыйык Рим империясына көз каранды Лихтенштейн княздыгына бириктирген. 1799-жылы Л-ди Франция оккупациялаган. 1806-жылы Л. Рейн союзуна кирип, 1815-66-ж. Герман союзунун ку­рамында болгон. 1805-жылы Л-де мектепте мил­деттүү түрдө билим берүү киргизилген. 1852-жылы Л-дин Австрия империясы менен бажы келиши­мин түзүшү соода жана текстиль ө. ж-н өнүктү­рүүгө түрткү берген. Князь Иоганн Пнин мезги­линде (1858-1929) өлкөдө реформалар жүргүзү­лүп, гезиттер чыгарылып, 1861-жылы биринчи банк ачылган. 1862-жылы конституциясы кабыл алын­ган. 19-к-дын 2-жарымында княздыктын экономикалык жана финансылык абалы начарлап, Л.

калкы­нын көбү коңшу өлкөлөргө чыгып кетуүгө арга­сыз болгон. Виринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) мезгилинде Л. бейтараптуулугун сактаган. 1918-жылы алгачкы саясий партиялар (Христиан социалисттик элдик партиясы, Лихтенштейн элдик пар­тиясы, Ата мекендик уюм ж. б.) пайда болгон. 1921-жылы жаңы Конституция иштелип чыккан. 1919-жылы Австрия менен түзүлгөн келишим күчүн жоготуп, Л. Швейцария менен келишим түзгөн. Бажы, валюта жана почта союзу жөнүндө келишим (1923) - бүгүнкү күнгө чейин Л. менен Швейцария­нын өнөктөштүгүнүн негизги булагы. Л-дин ва­лютасы швейцариялык франк болуп эсептелет. 1924-жылы өзүнчө мамлекет деп жарыяланганы менен Швейцариянын протекторатына айланган. Анын чет өлкөлүк дипломатиялык ишин Швейцария жүргүзөт. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) учу­рунда Л. Швейцария менен тыгыз байланышта бо­луп, бейтараптыгын сактап калган. 1945-жыл­дан кийин Л-дин экономикасы тез өнүгө баш­таган. 2000-жылдардын башында ө. ж. өнүгүшү жана тейлөө чөйрөсү боюнча Л. өнүккөн Батыш өлкөлөрүнүн ичинен алдынкы орунду ээлеген. 1984-жылы аялдар шайлоо укуктарына ээ болуш­кан. 1989-жылы князь Ханс Адам II такка отур­ган. 2003-жылы конституцияга өзгөртүүлөр кирги­зилип, княздын укуктары кеңейген. 2004-жылы 15- августта Ханс Адам II мамлекетти башкаруу иштерин расмий түрдө уулу принц Алоисуга өткөрүп берген. 2009-жылы парламенттик шай­лоодо Ата мекендик уюм (АУ) партиясы жеңиш­ке жетип, анын лидери К. Чючер премьер-ми­нистрликке шайланган.

Чарбасы.

ИДПнин жалпы көлөмү (2007-жылы 4,16 миллиард доллар) боюнча чакан мамлекеттердин катарына кирген Л. Европада акыркы орундар­дын бирин ээлейт. Бирок, ИДПни киши башы­на бөлүштүргөндө (122,1 миң доллардан) дүйнөдө 1-орунда. Экономикасынын негизин чет өлкөлүк (негизинен швейцариялык) капитал түзөт. 1923-жылы түзүлгөн бажы жөнүндөгү келишим боюнча Л. Швейцариянын ички экономикалык зонасына кирет. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлү­шү 54% ти, ө. ж-ныкы жана курулуштуку 40% ти, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 6%ти түзөт (2007). Л. электр энергиясы менен өзүн то­лук камсыз кылат; энергияны Рейндин баша­тындагы куймаларына курулган чакан ГЭСтер­ден өндүрөт. Иштеп чыгуучу ө. ж-на бир жак­туу адистешүү мүнөздүү; продукциясынын басым­дуу бөлүгү (97%тен ашыгы) экспортко чыгат. Башкы экспорттук өндүрүштөрү: прибор куруу (негизинен жогорку тактыкта өлчөөчү прибор­лор), вакуум техникасы, микропроцессорлор, ра­диоэлектроника системаларын, ядролук физи­каүчүн жабдуу чыгаруучу ишканалар. Негиз­ги ө. ж. ишканалары: машина куруу, так ма­шиналарын куруу заводдору. Чет өлкөлүк (Швей­цария, Германия ж. б.) ишканалар менен кошо

Шандагы «1үос1аг ухуабепб АС» фирмасынын өн­дүрүш комплекси.

тирөөч, чакан габариттүү курулуш материалда­рын, электр-пневматикалык жана бургулоо техни­каларын, оптикалык жана механикалык приборлорду, комплекттөөчү жана автомобиль тетиктерин, пресстелген жана штампталган буюмдарды, опти­ка системаларын, казан, вентиляция жана муз­даткыч курулмаларын, радиоаппаратураларын, ө. ж. жана тиричилик электр-техникаларын, өлчөгүч жана оптикалык приборлорду чыгаруу­да. Эт консерваларын, сүт продукцияларын, шарап чыгаруу өнүккөн. Текстиль, жыгач иш­тетүү ишканалары иштейт. Шан шаарында жасал­ма (анын ичинде фарфордук) тиш жана тиш протездерин (дүйнөдө чыгарылган жана экспорттолгон продук­циянын жарымы) чыгаруучу дүйнөдөгү эң ири жана уникалдуу ишкана бар; ошол эле ишкана түрдүү косметикалык продукция, өздүк гигиена каражаттарын, ошондой эле зер буюмдарын чыгарат.

А. ч-нда чакан дыйкан чарбалары басымдуу. А. ч. өндүрүшүнүн негизин ургаалдуу өнүккөн мал чарбасы (а. ч. өндүрүшүнүн көлөмүнүн 3/4) түзөт. Негизги тармагы - сүт багытындагы мал чарбасы. Өлкөнүн жер фондусунун х/гтл Жайыт катары пайдаланылат. Ошондой эле чочко, үй канат­туулары багылат, кой чарбачылыгы (негизинен жайытта асыралат) өнүккөн. Өсүмдүк өстүрүү­чүлүк негизинен Рейн өрөөнүндө таралган. Буу­дай, жүгөрү, ошондой эле тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, тамеки, жашылча ж. б. өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк, мөмө-жемиш (айрыкча алма) өстүрүү өнүккөн.

Тейлөө чөйрөсү - өлкөнүн экономикасынын башкы сектору. Банк-финансы иштери, офшор­дук иштер жана чет элдик туризм өнүккөн. Л-дин эң ири 5 банкынын жалпы активи 30 миллиард швей­цария франкынан ашык. Өлкөдө 3 ири банк иш­тейт. Капиталга болгон салыктын төмөндүгү, киреше салыгын жоктугу, ишканаларды ачуу жана каттоо процедураларынын жөнөкөйлүгү, ошондой эле банк-кредит мекемелеринин көптүгү Л-ге чет өлкөлүк компанияларды жана инвестиция­ларды тартуунун маанилүү фактору болуп са­налат. Өлкөдө Л-ден сырткары бизнес жүргүзгөн 75 миңге жакын холдинг ж. б. чет өлкөлүк ком­паниялар катталган. Л. - тоо лыжа спортунун жана кышкы эс алуунун жалпы европалык мааниде­ги борбору. Өлкөгө жылына 150 миңге жакын

чет өлкөлүк турист келет. Л. жогорку класста­гы рекреациялык, туристтик жана мейманкана инфраструктурасына ээ. Жыл сайын чыгарыл­ган почта маркалары, анын ичинде коллекциялар да княздыктын бюджетине 10% ке чейин киреше алып келет.

Өлкөнүн аймагын батыштан чыгышты карай жалгыз т. ж. тармагы кесип өтөт; анын уз. Л-дин чегинде 9,5 км, Фельдкирх (Австрия) менен Букс­ты (Швейцария) байланыштырат. Транспорт­тун негизги түрү - автомобиль жолу; анын жал­пы узундугу 380 км (2007). Ички суу жолу жергиликтүү кат­наш (катерлер) үчүн пайдаланылат; Рейн д. боюнча узундугу 28 км. Аба катнашы Швейцариянын жана Австриянын эл аралык аэропорттору аркы­луу жүргүзүлөт.

Товардык экспорту импортко караганда 2,5 эсе көп. Экспортунда бир жактуу адистешкен ма­шина куруу продукциялары, стоматол. мате­риалдар, фармацевтика жана косметология то­варлары, мал чарба продукциясынын айрым түрлөрү, карапа буюмдары, ошондой эле почта марка­лары басымдуу. Сырттан керектөө товарларын, машина жана жабдууларды, ө. ж. сырьёсун ж. б. сатып алат. Негизги соода шериктештери: Швей­цария (экспорттун 20%тейи жана импорттун жарымынан көбү), Европа союзуна кирген өлкө­лөр (экспорттун 45% ке чейинкиси; негизги кар­дарлары - Германия, Австрия, Италия) жана АКШ.

Маданияты.

Биринчи апталык гезит 1862-жылы чыккан. Бир нече гезит жана журналдары бар. Радиоуктуруусу 1995-жылдан, телекөрсөтүүсү 1992-жылдан иштейт. Мамлекеттик басма сөз жана маа­лымат агенттиги иштейт. Шан шаарында жалгыз театр имараты (1960-жылы - кабаре; 2004-06-ж. реконструкцияланган) бар. Л. Симфониялык оркестри (1988) бар. Хор ырдоо (1879-жылдан), заманбап музыка (1985-жылдан) жана жаз (2000-жылдан) фестивалдары, фольклордук искусствонун майрам­дары өткөрүлөт.