ЛИТОРАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТОРАЛЬ (фр. littoral - жээк, латынча littoralis же litoralis - жээктик, жээкке жакын) - таш­кындоо учурунда суу жайпап, кайра тартылган­да кургактыкка айланган деңиз түбүнүн экол. зонасы. Термин 1853-жылы англис окумуштуула­ры Э. Форбс жана С. Хэнли тарабынан киргизил­генетикалык Л. суунун эң төмөнкү тартылуусу менен эң бийик ташкынынын аралыгынан орун алат. Л-дын үстүндө супралитораль, астында субли­тораль жайгашат. Жазылыгы бир нече л«ден көптөгөн клгге чейин жетет. Суткасына эки жолу суу каптайт. Л. флорасы негизинен жашыл, кызыл, күрөң жана көгүш жашыл балырлардан турат. Л. фаунасы (былпылдак, сөөлжан, мол­люска, айрым балык түрлөрү ж. б.) мезгил-мез­гили менен абада (кургактыкта) жашоого ыла­йыкташканы менен айырмаланат.