ЛИТОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТОЛОГИЯ (лито... жана логия) - чөкмө тек­тердин жана учурдагы чөгүндүлөрдүн заттык ку­рамы, түзүлүшү, пайда болушу, жер бетинде та­ралышы, өзгөрүшү жөнүндөгү илим. Геология илиминин бир тармагы. 19-к-дын аягы - 20- к-дын башында өз алдынча илим катары калып­танган. Немис И. Вальтер, англис Г. Сорби, француз Л. Кайё, орус илимпоздору А. П. Кар­пинский, А. Д. Архангельский, Д. В. Налив­кин ж. б. Л. илимине зор салым кошушкан.

Л. жер бетинде жана океан-деңиз түптөрүндө журүүчү литогенез процесстеринин маалыматта­рына, актуализм принцибине таянат. Страти­графия, тектоника, палеогеография, тарыхый геология, петрография, климатология, океано­логия, геохимия, физика, химия, математика илимдери менен тыгыз байланышта.

Чөкмө тектерге генезистик жана фациялык тал­доо жүргүзөт. Ар кандай формацияларга ажы­ратат. Чөкмө тектер менен кен байлыктардын пай­да болушундагы геол., тектоникалык, палеогеогр., физикалык-химиялык процесстерди изилдейт. Кен байлык­тардын жер кыртышында орун алуу жана тара­луу закон ченемдүүлүгүн аныктайт. Литогенез теориясын өркүндөтөт. Ошондой эле байыркы (кемб­рийге чейинки) метаморфизмделген тектердин, геосинклиналдуу аймактардагы жанартоо-чөкмө тектеринин литол., палеогеогр., металлогения­лык, палеофациялык өзгөчөлүктөрү боюнча иш жүргүзөт. Л. илиминин негизги милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1) геол. объектилерди (тоо тектери, геол. түзүлүштөр ж. б.), табигый кубу­луштарды (жанартоолордун атылышы, океан­деңиз түптөрүнө чөкмөлөрдүн чөгүшү, гиперге­нез ж. б.) байкоо; 2) лабор. изилдөөлөрдү, экс­перимент иштерин жүргүзүү; 3) лабор. изилдөө­лөр менен геол. байкоолордон топтолгон материал­дарды жыйынтыктоо, маалыматтарды илимий ба­гытта талдоо.

Кыргызстанда М. М. Адышев, В. М. Попов, Ү. Асана­лиев, К. Е. Калмурзаев ж. б. окумуштуулар Л. илимине зор салым кошту. Чөкмө тектер боюнча атайын комйссияга 1979-жылы чейин М. М. Ады­шев жетекчилик кылды.

Ад.: Рухин Л. Б. Основы литологии. М., 1953; Ады­шев М. М„ Калмурзаев К. Е„ Королёв В. Г. К страти­графии кембро-ордовикских отложений Сары­Джазского района (Центральный Тянь-Шань). Мате­риалы по геологии Тянь-Шаня. В. 3 (Стратиграфия).

Ф., 1962; Асаналиев У. Литология рудоносности девон­ских и нижнекаменноугольных отложений Средин­ного Тянь-Шаня. Ф., 1974; Япаскурт О. В. Литология. М., 2008.