ЛИТКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 31 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛИТКЕ Фёдор Петрович [17(28). 9. 1797, Санкт­Петербург - 8(20). 8. 1882, ошол эле жер] - орус деңиз саякатчысы, географ, Арктиканы изил­дөөчү, адмирал (1829), граф (1866-жылдан),

Пе­тербург ИАнын корр. мүчөсү (1829), ардактуу мүчөсү (1855) жана президенти (1864). 1813-жыл­дан флотто болгон. 1817-19-ж. В. М. Головнин жетектеген «Камчатка» кемесинде гидрогр. экс­педицияга катышып, дүйнөнү айланып сүзүп чыккан. 1821-24-ж. Жаңы Жер архипелагынын жээгин, Ак жана Баренц деңиздерин изилдеген экспедицияны башкарган. 1826-29-ж. «Сеня­вин» кемеси менен дүйнөнү айланган экспедиция­ны жетектеген; ал Беринг деңизинин жээгин, Камчаткадан Авача колтугуна чейин, Кароли­на архипелагын (андан 12 аралды ачкан) мү­нөздөгөн. Ал экспедициядан кайткандан кийин 1-рангадагы капитан чинин, 1832-48-ж. фли­гель-адъютанттыкты алган. Орус география коо­мун уюштуруучулардын бири. 1845-50-ж. анын биринчи вице-жетекчиси, 1857-72-ж. жетекчи­си болгон. 1873-жылы Орус география коомунун им­ператору тарабынан Литке атындагы Чоң алтын ме­даль уюштурулган. 4-даражадагы Ыйык Геор­гий (1830), Ыйык Владимир (1832), Ыйык Алек­сандр Невский (1852; алмаз белги кошо, 1858), Ыйык Андрей Первозванйый (1870; алмаз бел­ги кошо) ж. б. ордендер менен сыйланган. Анын урматына Жаңы Жер архипелагындагы булуң, тумшук, жарым арал, тоо, Франц-Иосиф Жери жана Норденшельд архипелагдарындагы, Байда­ата колтугундагы аралдар, Камчатка ж. а. менен Карагине а-нын ортосундагы кысык аталган.

Эмг.: Плавания вокруг света и по Северному Ле­довитому океану. М., 2008.

Ад.: Алексеев Анын Ичинде Литке Ф. Т. М., 2008.