МАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛА, тырмоок - топуракты жумшартууда жана өсүмдүк өстүрүүдө колдонулуучу а. ч. шай­маны. М. - дыйканчылыкта колдонулган эң байыркы куралдардын бири. М. адегенде унаа­га сүйрөтүлгөн, азыр тракторго асылып же чир­келип иштейт. Жумушчу бөлүгүнө карата тиш­түү жана дисктүү М-га айырмаланат. Тиштүү М. айдоонун топурагын майдалоо, күздүк айдалган талаадагы топурак кыртышын жазында жум­шартуу, үрөн себүү алдында айдоону текшилөө, айдоого чачылган үрөндү жана минерал жер се­мирткичти көмүү, отоо чөптү жок кылуу ж. б. иштерди аткарууда колдонулат. Тиштүү Мененын негизги жумушчу бөлүгү - жумуру, үч же төрт кырдуу, бычак сымал формадагы болот тиште­ри. Тиштери рамага бекем, шарнир же бурама менен орнотулат. Тиштүү Мененын тор, пружина түрүндөгү отогуч, шалбаалык, айланма бычак­туу, таман тиштүү, жайыт малалоочу түрлөрү чыгарылат. Дисктүү М. негизинен чымдуу, катуу топуракты майдалоодо колдонулат. Анын жумушчу органы - түрдүү формадагы дисктер. Дисктүү М. талааны, бак-дарактуу жерди, саз­ды малалоочу болуп бөлүнөт. Дисктер 5-9дан бириктирилип орнотулат.