МАКСИМОВА
МАКСИМОВА Екатерина Сергеевна (1. 2. 1939, Москва - 28. 4. 2009, ошол эле жер) - балерина, СССР эл арт. (1973). Ленин комсомолу сыйл. (1972), СССР мамлекеттик сыйл. (1981), «Академия
Симба» эл аралык сыйл. (Италия, 1984), кино жаатындагы РСФСРдин мамлекеттик сыйл. (1984) лауреаты. Россия театр исквосу академиясынын проф. (1996), «Кремль балети» театрынын (1990- жылдан), Чоң театрдын (1998- жылдан) педагог-репетитору. Москва хореогр. окуу жайын бүтүргөн (1958). 1957-жылы хореогр. окуу жайында окуп жүргөндө эле П. Чайковскийдин «Щелкунчик» балетинен Машанын партиясын аткарып, таланттуу бийчи катары таанылган. 1958-88-ж. Москвадагы Чоң театрда иштеген. Аткарган негизги партиялары: Жизель (Адан, «Жизель»), Китри (Минкус, «ДонКихот»), Одетта-Одиллия, Аврора (Чайковский, «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу»), Балерина (Стравинский, «Петрушка»), Жульетта, Катерина (Прокофьев, «Ромео жана Жульетта», «Таш гүл») ж. б. М. дүйнөлүк балет артисттери В. Васильев (күйөөсү), М. Лиепа, Фадечеев, М. Лавровский, Богатырев менен бийлеген. Киного да тартылган («Галатея», «Эски танго», «Анюта», «Чаплинианада», «Катя Володя» ж. б.). Анна Павлова сыйл. (1969), Мариус Петипа сыйл. (1972; экөө тең Париж) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.
