МАКРОЭКОНОМИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКРОЭКОНОМИКА (макро... жана экономика) - экономика илиминин өлкөнүн экономикасына таандык йри масштабдагы кубулуштарды жана процесстерди изилдеген бөлүгү; улуттук деңгээл­де өз ара байланыштагы экономикалык процесстердин жыйындысы; улуттук чарбаны бир бүтүн нерсе катары изилдеген экономикалык теориянын бөлүгү. Тер­мин алгач 1934-жылы Р. Фишер тарабынан

су­нушталган. Ал эми макроэкон. жаңы багыттын негиздөөчусү англ. экономист Ж. М. Кейнс (1936-жылы жарык көргөн «Иш менен камсыз бо­луу, акча жана проценттин жалпы теориясы» эмгегинен кийин) болгон. М. өлкөнүн экономи­касынын өнугүшүнүн факторлорун жана жыйын­тыктарын, ресурс жетишсиз шартында экономикалык өсүүнүн тенденцияларын изилдейт. М. объекти­си катары жыйынтыкталып жалпыланган экономикалык көрсөткүчтөр (улуттук жана ички дүң про­дуктулар, улуттук киреше, мамлекеттик жана жеке ин­вестициялардын суммасы, жүгүртүүдөгү жалпы акча көлөму) эсептелинет. Ошол эле учурда М. өлкөдөгү орт. экономикалык көрсөткүчтөрду (орт. кире­ше, орт. эмгек акы, инфляция деңгээли, жу­мушсуздук, иш менен камсыз болуу, эмгектин өндүрүмдүүлүгу, экономикалык өсүүнүн темпи жана түзулүш пропорциялары) да изилдейт.