МАКЕДОНДУК ДИНАСТИЯ
МАКЕДОНДУК ДИНАСТИЯ - Византия императорлорунун династиясы (867-1056). Василий I Македонянин негиздеген (династия анын атынан аталган). М. д-на: Василий I (867- 886-ж. башкарган), Лев VI (886-912); Александр (Лев У1нын агасы, 912-913); Константин VII Багрянородный (Лев У1нын уулу, 913-959); Роман I Лакапин (Константин УПнин кайын атасы, 921- 944); Роман II (Константин УПнин уулу, 959- 963); Никифор II Фока (963-969-ж. башкарган, Роман Пнин аялына үйлөнгөн); Иоанн I Цимисхий (969-976) бийликке ак сөөктөрдүн төңкөрүшүнөн кийин келип, Константин УПнин кызына үйлөнгөн; Василий II Волгаробойца (Роман Пнин уулу, 976-1025); Константин VIII (Василий Пнин агасы, 1025-28); Роман III Аргир (Константин УШнин кызы Зоянын -
биринчи күйөөсү, 1028-34); Михаил IV Пафлагон (Зоянын экинчи күйөөсү, 1034-41); Михаил V Калафат (Михаил 1Унүн жээнин багып алган Зоянын уулу, 1041-42); Константин IX Мономах (Зоянын үчүнчү күйөөсү, 1042-55); Феодора (1055-56) таандык. М. д-нын өкүлдөрү ак сөөктөрдүн кызыкчылыктарын коргошкон.