МАКАРТУР
МАКАРТУР Дуглас (26. 1. 1880, Арканзас штаты, Литл-Рок - 5. 4. 1964, Вашингтон) - америкалык аскер ишмери, армиянын генералы (1944). 1903-жылы Вест-Пойнт Аскер окуу жайын бүтүргөн.
1899-жылдан аскердик кызматта. Орус-япон согушунда (1904-05) Япон армиясынын алдында байкоочу, 1906-жылы бир нече убакыт АКШ президенти Т. Рузвельттин адъютанты. 1-дүйнөлүк согушка (1914-18) катышып, Францияда

«Радуга» деп аталган 43-дивизиянын командири жана штаб
начальниги, 1919-22-ж. Вест-Пойнт аскер окуу жайынын суперинтенданты,1922-жылдан Филиппиндеги америкалык армиянын командири. 1930- 35-ж. АКШ куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниги, 1935-37-ж. Филиппинде аскер кеңешчиси, 1937-жылы Филиппин фельдмаршалы, 1941-жылы Ы. Чыгышта америкалык куралдуу күчтөрдүн командачысы, 1942-45-ж. америкалык оперативдик-стратегиялык топтун, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө союздук аскер күчтөрүнүн башкы командачысы. Тынч океандагы союздаш аскерлердин башкы командачысы катары 1945-жылы 2- августунда америкалык «Миссури» кемесинде Япониянын капитуляциясын кабыл алган. 1945- 51-ж. Японияда америкалык оккупациялык аскер күчтөрүнүн командачысы. 1950-жылы июлдан 1951-жылы апрелге чейин Корей согушунун жүрүшүндө БУУнун аскер күчтөрүнүн командачысы болуп, КЭДРге каршы агрессивдүү согуштук операцияны жетектеген. Америкалык аскерлердин Кореядагы жүргүзгөн согуштук операциялары ийгиликсиз болгондуктан, 1951-жылы апрелде бардык командалык кызматтардан кеткен. 1952-55-ж. «Ремингтон Рэнд инкорпорейтед», «Сперри Рэнд корпорейшен» ж. б. башкармалыктардын төрагасы болуп ири бизнеске аралашкан.