МАЙ-ТӨР КЕРБЕН САРАЙЫ
МАЙ-ТӨР КЕРБЕН САРАЙЫ - 10-13-к-га таандык археол. эстелик. Жети-Өгүз р-нунда КумТөр алтын кенинен 20-21 км түндүк-батышта, Кашка-Суу, Май-Төр сууларынын кошулушундагы Үч-Чат коктусунда жайгашкан. 1997-жылы Кум-Төр археол. экспедициясы тарабынан ачылган. Пайдубалы (1,60 м) таштардан кыналып, дубалы топурак сокмо, айрым жерлери бышырылган кыштан тургузулган. Сарайдын кире беришинде туурасы 3 м болгон портал арка жасалган. Дубалдардын жазылыгы 5 м келип, айланасы аң менен курчалган. Кербен сарайдын борбордук бөлүгүндө чарбак жайгашып, дубалдарга ыктай каалгалары чарбакты караган 16 бөлмө болгон. Карапа идиштердин сыныктары (казан, чөйчөк ж. б.), Караханиддер дооруна таандык коло тыйындар, чырактар, жаа калдыктары жана кооздук буюмдар табылган. М.-т. к. с. ЫсыкКөл өрөөнүнүн тескей багытындагы Улуу Жибек жолунун Чыгыш Түркстан багытын тейлегенетикалык Эстеликти археологдор К. Ш. Табалдиев, М. И. Москалёв жана О. А. Солтобаевдер изилдеген.