МАЙЛУУ-СУУ
МАЙЛУУ-СУУ - Ноокен р-нундагы суу, Кара-Үнкүрдүн оң куймасы. Узундугу 87 км, алабынын аянты 748 км2. Бабаш-Ата кырка тоосунун батыш жана түндүк-батыш капталдарынан башталып, Майлуу-Суу ш-на чейин батышка, андан кийин туштүктү карай агып, Кара-Үңкүргө куят. Башкы агымында Керей, Кыз-Коргон суусунун чатынан Сары-Суу, Даван-Сайдын чатынан Май- лУУ-Суу деп аталат да, терең жана тик капчыгайлар аркылуу өтөт; ортоңку бөлүгүндө нугу кеңейип, токойлуу. Избаскен кыш-нан Фергана ойдуңуна чыга бериште сугат каналдарына жана салааларга бөлүнөт. Суунун башталышы (4000 м бийикте) кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 8,75 м?/сек, эң көбү апрель-майда, азы январь-февралда байкалат. Суусу мартта кардын эришинен кирип, октябрда тартылат. Алабында 4 көл бар. Сугатка кеңири пайдаланылат. Жээгинде Избаскен, ЭскиКыштак, Беш-Мырза, Көк-Таш кыш. жана Майлуу-Суу ш. жайгашкан. Көк-Таш кыш. тушта нефть жана газ кендери бар. Суунун алабындагы жер көчкү жүрүү мүмкүндүгү уран кендерин иштетүүдөн калган калдыктарды бузуп, аймакта экол. кооптуулук жаратуу коркунучу бар.
Ш. Качаганов.
МАЙЛУУ-СУУ (1956-92-ж. М а й л ы-С а й) - Жалал-Абад облусунда шаар. Ноокен р-нунун
аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун этегинде, Майлуу-Суу суусунун боюнда жайгашкан. Аянты 12025 га. Облустун борбору жана т. ж. бекети Жалал-Абад ш-нан 118 км түндүк-батыш тарапта. Шаар жайгашкан аймактын климаты мелүүн континенттик. Кышы мелүүн суук, кыска, кар арбын түшөт; январдын орт. температурасы -3... -11°Сге чейин. Жайы ысык, кургак, июлдун орт. температурасы 30,5°С. Жылдык жаан-чачыны 300 Л4лгдей. Калкы 22,8 миң (2009); негизинен кыргыздар, ошондой эле орус, өзбек, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаардын четинде Көк-Таш, Сары-Бээ, Көк-Ой, Кара-Жыгач кыш. жайгашкан. М.-С. - ө. ж-луу шаар. Шаарда
электр лампа жана электр тогун өткөрбөс материалдар («Кыргызэлектрозолит») заводдору, Майлуу-Суу жылуулук менен камсыз кылуу өндүрүштүк бирикмеси, «Майлуу-Суу» кийим тигүү фабрикасы, «Береке», «Акнан», «Азат», «Баатыр» АКтары, «Кыял» ж. б. чакан ө. ж. ишканалары, ошондой эле «Серей» ЖЧК, «Чебер» фирмасы, телеком, почта байланыш түйүнү иштейт. Шаарга жакын жерден нефть жана газ чыгат. Ош, Жалал-Абад ш-на газ куурлары кетет. Шаарда 8 орто (анын ичинде жатак) мектеп, кесиптик лицей, электр-техникалык коллеж, медициналык орто окуу жайы, Экономикалык жана башкаруу институту, карылар жана майыптар үйү, стадион, кинотеатр, мечит, маданият үйү, 3 бала бакча, шаардык оорукана (305 орундуу), дарыкана, ден соолукту чындоо борбору, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү (анын ичинде шаарды жашылдандыруучу суу каналы ж. б.) ишканалары, тамактануу жайлары, кафе-барлар, ресторан, базар, автобекет иштейт. Парк уюштурулган. Шаар эзелтеден эле дыйканчылыгы менен көчмөн чарбасы өнүккөн Фергана өрөөнүнүн тоолуу аймагынын чегинде жайгашкандыктан, анда соода-сатык, товар алмашуу иштери кеңири жолго коюлган. Көчмөн калк малын айдап келип, Көк-Ой ашуусунун этегиндеги «таш короого» 'камап, аларды кол өнөрчүлүк буюмдарына жана дан эгиндерине алмаштырып кетип турушкан; ал короону эл «таш базар» деп да аташкан. Шаарга жакын жерден кызыл чопо
кени чыккандыктан, карапачылык да өнүккөн. Шаар аркылуу Улуу Жибек жолунун бир тармагы, О. Азиядан Кытайга кеткен кербен жолу Даван-Сай капчыгайы аркылуу ж. б. жолдор менен өткөн. Майлы-Суу суусунан жана анын куймаларынан башталган илгерки ирригациялык курулмалардын калдыктары (чоң арыктар, оготтор ж. б.) бул аймакта мурда эле дыйканчылык өнүккөндүгүнөн кабар берет.
«Майлуу-Суу шамы» жана «Свет Майлуу-Суу» гезиттери чыгат. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан майлы-суулук жоокерлерге 1989-жылы «Согуштук даңк проспектиси» эстелиги жана 1999-жылы Баткен жергесиндеги эл аралык террористтик топтор менен болгон куралдуу кагылышууда курман болгон жоокерлердин урматына «Эрдик» монументи тургузулган.
