МАЗУТ
МАЗУТ - нефтиден бензин, лигроин, керосин жана дизелдик суюк фракцияны буулантып бөлгөндөн кийин калган кара күрөн, коюу суюктук. Тыгыздыгы 0,89-1,00 г/см?, күйүү жылуулугу 38 МДж/кг. М. м а й л у у (майлагыч майлар сырьёсу), м а й л о о ч (экинчи сорттогу майлагыч) жана о т у н (жылытууда жана кыймылдаткычта форсунканын жардамы менен күйүүчү) болуп айырмаланат. М. химиялык курамы жана касиетине жараша буу казандары, ө. ж. мештери, газ турбиналары үчүн отун катары жана күйүүчү суюк мотор отунун, ошондой эле парафин, битум жана ар түрдүү минерал майларды алууда пайдаланы латынча