МАЗАР-СУУ
МАЗАР-СУУ, Т а ш-Б араң мазары — Жалал-Абад облусу Токтогул р-нундагы кыштак. Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу. Арым тоо кыркасынын түштүгүндө, деңиз деңгээлинен 1240 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул ш-нан 45 км түштүк-батыш тарапта. ТашКөмүр т. ж. бекетинен 275 км. Калкы 1555 (2009); негизинен мал багат. Кыштакта белгилүү кыргыз акыны жана драматургу Жоомарт Бөкөнбаев (музейи уюштурулган) жана Социалисттик Эмг. Баатыры М. Абдылдаев туулган. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.