МАЗАР-БУЛАК
МАЗАР-БУЛАК, Подгорный - ЖалалАбад облусу Сузак р-нундагы кыштак. Көгарт айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1240 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 48 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 22 км. Калкы 1000 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана бар.