МАЗАР
МАЗАР - мусулмандар ыйык санап сыйынуучу жер (күмбөз, булак, дарак ж. б.). Кыргызстанда Сулайман-Тоо, Айып-Булак, Кочкор-Ата, АбшырАта, Арстанбап ж. б. сыяктуу ыйык деп эсеп-
телген жерлер көп. Адатта М-га зыярат кылып, курмандык чалып, Теңирден жакшылык сурашкан. М-га сыйынуу жөрөлгөсү азыр да учурайт.
