«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ»
«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ», «Т а р ы х т а р ж ы й н аг ы» — 1495-жылы фарсы тилинде жазылган Сайф ад-Дин Аксыкентинин чыгармасы. Автор бул эмгекти жазып бүтө электе каза болуп, аны уулу Нур-Мухаммед (Норуз-Мухаммед) аягына чыгарган. Азыркы учурда «М. а. т-тин» үч көчүрмөсү белгилүү. Биринчиси Ленинград (азыркы СанктПетербург) мамлекеттик университетинин китепканасынан табылган жана А. Т. Тагиржанов тарабынан изилденип, жарык көргөн (1959); экинчиси Наманган уездинин Ширкент кыш-нда жашаган Жагды кожо деген кишиде болгон. Аны В. Каллаур таап, алгач ага 1899-жылы 11-марттагы Орус археол. коомунун жыйынында В. Бартолъд
мүнөздөмө берген. Тышкы белгилери жана жазуу ыкмасына карап, аны 18-к-дын аягы-19-к-дын башында көчүрүлгөн деп болжолдоого болот. Кийинчерээк окумуштуу В. А. Ромодин изилдеген, азыр Россия ИАнын Азия элдери институтунда сакталып турат; 3-көчүрмөсүн Ала-Бука р-нундагы Баймак айылынын тургуну Н. Жайлообаев Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондусуна тапшырган (1968). «М. а. т-те» Фергана жана Тянь-Шанда жашаган кыргыздар менен кыпчактарга тиешелүү уламыштар, «Манас» эпосунан бир нече эпизоддор айтылат. Ошондой эле бул эмгекте 12-к-да же 1127-жылы кыргыздар оң канат (Лур-хан), сол канатка (Лур-бузург) бөлүнүп, түпкү атасы Аналхак болгону, андан Ак уулга чейин 15 ата, Куу уулга чейин 20 ата өткөнү тууралуу кабар берет. Ак уулдун эки уулу - Отуз уул жана Булгачы [Салус-бек Бул(а)гачы] оң канат аталып, отуз уулдан адигине, муңгуш (мунгкуш), карабагыш, тагай, булгачыдан бостон, тейит, жоо кесек, дөөлөс, кыдырша (Хыдыршах), каңды; сол канатка саруу, кушчу (лалым кушчу), мундуз (ай баш мундуз), басыз, чоң багыш, кытай (сунжек хытай) уруулары кирип, кезегинде ал уруулардын да генеалогиясы берилген.