МАДАНИЯТ (кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДАНИЯТ — Чүй р-нундагы кыштак. Он Бир­Жылга айыл аймагына караштуу. Кызыл-Суу­нун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктик­те жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыш-нан түштүк-чыгыш тарапта. Токмок т. ж. бекетинен 23 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1001 (2012); негизинен мал багып, дыйкан чарбала­рында эмгектенет.