МАГНИТ-ЭЛЕКТР ПРИБОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТ-ЭЛЕКТР ПРИБОРУ - туруктуу ток тиз­мегиндеги ток күчүн, чыңалууну же электр са­нын өлчөгүч. Анын иштеши өлчөгүч механиз­минин кыймылдуу бөлүгүнүн оромундагы электр тогу менен туруктуу магниттин магнит агымынын өз ара аракеттенишине негизделген. Ал аз энер­гия сарп кылып, так өлчөйт жана өтө сезгич ке­лет. М.-э. п. амперметр, вольтметр, гальвано­метр, омметр ж. б. катары колдонулат. Өзгөрт­күч түзүлүштөр (түзөткүч, инвентор) менен жаб­дылса, жогорку жана төмөнкү жыштыктагы өзгөрмө ток күчүн, чыңалуусун жана электр эмес чоңдуктарын да өлчөөгө болот. Шунттарды,

кошумча каршылыктарды пайдаланганда при­бордун ченөө чеги кеңийт.