МАГНИТТЕНИШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТТЕНИШ - макроскоптук нерселердин магнит абалынын мүнөздөмөсү. М. жөндөмдүү­лүгү бар заттар магнетиктер деп аталат. Маг­нит талаасында ар түрдүү заттар магниттелүү менен магнит талаасынын булагы болуп калышат. Бир тектүү магниттенген телонун М-и Ф=М/У. Эгер бир тектүү эмес магниттенсе, М. телонун ар бир чекити үчүн өзүнчө аныкталат: д=с!М/дУ, (1М - (IV көлөмүнүн магнйт моменти. Эл аралык бирдиктер системасында (СИде) - 1 А/м, башкача айтканда 1 л3 көлөмдөгү зат 1 А-м2 магнит моментине ээ. СГСде - эрг/(Гс ■ см3). Нерсенин М-и сырткы та­лаанын чыңалышына (Н), ал нерсенин магнит­тик касиетине, өлчөмүнө, температурага көз каран­ды (к. Парамагнетизм, Ферромагнетизм). Зат­тын талаасынын чыңалышы Н3 менен талаанын чыңалышынын ортосундагы катыш төмөнкүчө жазылат: Н3 = Н-ИФ. N - магнитсиздендирүүчү фактор. Изотроптук заттарда Днын багыты маг­нит талаасынын чыңалышынын багыты менен дал келет жана анизотроптук чөйрөлөрдө багыттары боюнча ар башка болот.