Э

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Э л е к т р М-де өлчөнүүчү үлгү, соленоид талаа­сы, өлчөнүүчү талаа менен салыштырылат. И н­дукциялык М. электр-магниттик индук­ция кубулушуна негизделген. Кванттык М. ядролук магнит резонансына, парамагнеттүү электрондук резонанска, сырткы магнит талаа­сынын ядросунун же электрондордун магнит мо­менттеринин эркин процесстерине ж. б. квант эффектисине негизделген. Күчтүү өткөр­гүчтүүкванттык М. күчтүү өткөргүчтөгү квант эффектилерине негизделген. Г а л ь в а­но-магниттүү М. Лоренц күчүнүн тааси­ринен магнит талаасында кыймыл-аракетке келүүчү электр заряддарынын траекториялары­нын ийрилүү кубулушу боюнча иштейт. Иштөө принциби, сезгичтиги түрдүүчө болгон М-лер гео­физикада, космос физикасында, магнит химия­сында, биофизикада, дефектоскопияда, автома­тикада кеңири колдонулат.