МАГНИТОГОРСК
МАГНИТОГОРСК - Россиядагы шаар (1931- жылдан). Челябинск облусу аймагында, Урал д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 410,0 миң (2010). Т. ж. бекети. Шаар металлургиялык комбинаттын курулушуна байланыштуу пайда болгон. Металлургдар ак сарайы, чиркөөлөр, эстеликтер бар. Кара металлургия (металлургия комбинаты жана заводу) ө. ж-нын йри борбору. Машина куруу ишканасы, пианино заводу иштейт. Университет, институттар (тоо-кен металлургия жана педагогикалык),
театрлар (анын ичинде опера жана балет, куурчак), китепканалар (анын ичинде азиздер үчүн), сүрөт жана балдар сүрөтү галереялары, филармония, край таануу музейи бар. Шаарда фестивалдар жана конкурстар өткөрүлүп турат. М. 1743-жылы негизделтен.