МАГНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТ (грекче Ма^пёПз 1Шю'з - Магнесиянын ташы) - өздүк магнит талаасына ээ болгон зат. Темир, болот ж. б. у. с. заттарды өзүнө тартуу касиетине ээ болгон заттар алгач Магнесия шаарында (Кичи Азия) табылган. М. табигый (кен казууда алынат) жана жасалма (электр тогунун

жардамында алынат) түрдө кездешет. М-ти мүнөздөөчү негизги касиет болуп анын түндүк (Ы) жана түштүк (8) уюлдары эсептелет. Бирдей уюл­дарын жакындатсак, алар түртүлүшөт, карама­каршы уюлдарын бириктирсек, тартылышат. Мындай өз ара аркеттенишүүлөр магнит талаа­сынын аракетинин натыйжасында жүрөт. Зат­тар М-тик касиеттери боюнча эки топко бөлүнөт: парамагнит жана диамагнит. М-ти илимий жактан изилдөө алгач орус окумуштуусу П. Перегрин («Магнит жөнүндө китеп»), англ. врач У. Гиль­берт («Магнит жөнүндө») тарабынан жүргүзүлгөн.